Валентина Шевченко беттештен кийин кыргыз элине ыраазычылык билдирди

Валентина Шевченко беттештен кийин колдоо көрсөткөн кыргыз элине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазды.

«Рахмат сага, кымбаттуу Кыргызстаным! Даярдыкка колдоо көрсөткөн президентибиз Садыр Нургожоевичке рахмат! Мени колдоп келген мекендештериме рахмат!” — деп айтылат билдирүүдө.

Лас-Вегаста UFC Fight Night 227 (UFC Night) турниринде Валентина Шевченко менен мексикалык Алекса Грассо ортосунда жеңил салмак боюнча беттеш өтүп, натыйжада тең чыгуу менен аяктаган.