Валентина Шевченко кур үчүн бир тууганына каршы беттешке чыгат беле? Өзүнүн жообу

«Беттеш болбойт. Апам муну кандай кабыл алат алат эле, аны да билбейм». Бул тууралуу Валентина Шевченко бир тууганы «Антонина Шевченко менен чемпиондук кур үчүн беттеш болсо, мушташка чыгат белеңиз?» деген суроого жооп берип жатып айтты.

«Экөөбүз тең беттешке чыкканда, жеңиш үчүн чыгабыз. Машыгуу учурунда экөөбүз беттешебиз. Ал учурда менин эң күчтүү беттешим болот. Анткени мен жаңы ыкмаларды издешим керек болот. Эжеси менен сиңдиси беттешкен, менимче туура эмес», — деди ал.

Белгилей кетсек, маалымат жыйынга Шевченконун машыктыруучусу Павел Федотов, Дүйнөлүк Эр Таймаш Федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев, Кыргыз Республикасынын Кулатуу федерациясынын президенти Эмил Токтогонов катышты.