Валентина Шевченко менен Лорен Мерфи беттеш алдында таразага түштү

Эртең, 26-сентябрда өтө турчу мелдеште кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко америкалык Лорен Мерфи менен беттешет. Бул Шевченконун чемпиондук курун коргоо үчүн чыккан алтынчы кармашы болмокчу.

Таразага түшүү учурунда Шевченконун салмагы 56,25 килограмм чыкты. Ал эми анын атаандашы дээрлик 56,69 килограмм болду. Шевченконун таймашы турнирдин экинчи башкы беттеши болмокчу. Ал эми башкы беттеште австралиялык Алекс Волкановски америкалык Брайан Ортега менен кез келет.

UFC 266 мелдеши 26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт. Бул Бишкек убактысы боюнча эртең мененки маалга туш келет.