Валентина Шевченко менен Манон Фиоронун көз караштар таймашы (видео)

Валентина Шевченко менен Манон Фиоронун биринчи көз караштар таймашы болуп өттү.

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко менен чемпион Манон Фиоро алдыдагы беттештин алдында алгачкы ирет жолугушту. Беттеш 10-майда Канаданын Квебек шаарында өтөт жана UFC 315тин башкы беттеши болмокчу.

Валетина Шевченко акыркы жолу 2024-жылдын сентябрь айында беттеш өткөрүп, анда Алекса Грассону жеңип, чемпиондук титулун кайтарып алган.

Манон Фиоронун акыркы беттеши 2024-жылдын март айында болуп, анда Эрин Бланчфилдди жеңген.