Валентина Шевченко Ош шаарына барды

Бүгүн, 12-декабрда UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко Ош шаарына келди. Мушкерди Ош аэропортунан салтанаттуу тосуп алып, андан соң маалымат жыйын өткөрдү. Ал бүгүн Султан Ибраимов атындагы драма театрында күйөрмандары жана спортчулар менен жолугат. Катышуучулар чемпиондон кол тамга жана белек ала алат.

Валентина Шевченконун Ош шаарындагы сапары эки күнгө созулат. Ал мектеп окуучулары, балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен да жолугат.