Валентина Шевченко соңку беттеши үчүн 400 миңдей доллар гонорар алды

«UFC 266» турниринин катышуучулары алган гонорарлардын суммасы белгилүү болду. Соңку турнир 26-сентябрда Лас-Вегаста өттү.

Кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук титулун алтынчы ирет америкалык Лорен Мерфиге каршы коргоду. Шевченко төртүнчү раундда атаандашын нокаут менен жеңип, титулун сактап калды. Турнирдин жыйынтыгында, ал 392 миң доллар алса, Лорен Мерфи 132 миң доллар алган.