Валентина Шевченко: «Тез арада реванш болушун каалайм»

«Мен кайтып, титулду өзүмө кайтарганга чейин бул дивизион жанданат деп үмүт кылам. Тез арада реванш болушун каалайм, анткени бул беттеште жеңип жатканымды билем». Бул тууралуу Валентина Шевченко беттештен кийин билдирди.

«Спорт ушундай болот. Бардык раунддарды утуп, анан утулуп калышың ыктымал. Экинчи беттеште башкача жыйынтык болот деп ишенем. Жеңиш үчүн көбүрөөк машыгуу керек», — деди ал.

5-мартка караган түнү Валентина Шевченко Лас-Вегаста өткөн UFC 285 турниринде жеңилүү ызасын тартып калды.