Валентина Шевченко TUF шоусунда машыктыруучу болот (видео)

Кыргызстандык Валентина Шевченко менен мексикалык Алекса Грассо TUF шоусунун жаңы сезонунун машыктыруучулары болушат. Бул тууралуу UFC президенти Дана Уайт билдирди.

Анын айтымында, Валентина Шевченко менен Алекса Грассо TUF шоусунун 32-сезонуна машыктыруучу болушат. Бет ачары 4-июнда болот. Жеңүүчүлөр UFC менен келишим түзсө, машыктыруучулары ал жакта беттеш өткөрөт. Спортчу айымдар буга чейин эки жолу беттешкен.