Валентина Шевченко турмушка чыгуу тууралуу: «Ар нерсенин өз убагы бар»

Бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте UFC чемпиону Валентина Шевченко маалымат жыйын өткөрүп жатат. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, турмушка чыгуу тууралуу үн катты.

«Эгер кыз 21 жашында турмушка чыгам десе, бул өзүнүн тандоосу. Ал эми турмушка 40 жашта эле эмес, 60 жашта деле чыкса болот», — деди ал.

Белгилей кетсек, маалымат жыйынга Шевченконун машыктыруучусу Павел Федотов, Дүйнөлүк Эр Таймаш Федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев, Кыргыз Республикасынын Кулатуу федерациясынын президенти Эмил Токтогонов катышты.