Валентина Шевченкого калпакчан күйөрманы каалоо-тилегин айтып, гүл сунду (видео)

Бүгүн, 22-ноябрда Бишкектеги соода борборлордун биринде UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко күйөрмандары үчүн жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга Шевченконун машыктыруучусу Павел Федотов, апасы Елена Шевченко, дүйнөлүк эр таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев, Кыргыз Республикасынын Кулатуу федерациясынын президенти Эмил Токтогонов катышты.

Күйөрмандардын арасынан калпак кийген жигит өзгөчөлөнүп, мыкты сөздөрүн айтып, Шевченкого гүл сунду.