Валентино Шевченко vs Алекса Грассо: Беттеште жеңүүчү аныкталган жок

Бүгүн, 17-сентябрда Лас-Вегаста өткөн UFC Fight Night 227 турниринде Валентино Шевченко менен Алекса Грассонун беттешинде жеңүүчү аныкталган жок. Алтын кур Грассодо калды.

Бул чемпиондук беттеш беш раундга созулуп, бир калыс Валентинага, экинчи калыс Грассого, үчүнчү калыс тең болду деген чечим чыгарды (48:47, 47:48, 47:47). Мындай тең чыгуу эки мушкер үчүн карьерасында алгачкысы болду.

Валентина Шевченко ушул жылдын март айында чемпиондук титулун алдырып койгон. Ал мексикалык спортчу Алекса Грассого утулуп калган болчу.