Волейбол боюнча Кыргызстандын курамасы казакстандык атаандаштарын утуп финалга чыкты (видео)

Бишкекте 23-27-июль күндөрү Борбор Азиянын чакырык кубогу өтүүдө. Турнирге жалпы 4 команда — Кыргызстан, Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан курама командалары катышууда.

Жарым финалда Кыргызстан курама командасы Казакстандын волейболчулары менен беттешип, 3:1 эсебинде утуп алды. Алдыда финалдык беттеште Түркмөнстандын курамасы менен оюн өткөрмөкчү. Финал бүгүн өтүп, оюн жыйынтыкталат.