WEF уюмунун президенти Руслан Кыдырмышевдин үйүндө конокто

SUPER TV`нын “Жылдыздын үйүндө конокто” долбоорунун кезектеги каарманы WEF уюмунун президенти Руслан Кыдырмышев болду. Шаардын ортосунда жайгашкан эки кабаттуу хан сарайдын ээси “бул үйдү пайдубалынан тартып өзүм кургам” дейт.

Үйгө киргенде эле короодо байланып турган итке көңүл бурулат. Руслан Кыдырмышев күчүктөрдү жакшы көрөрүн айтат.

Андан соң үйдүн ичин көрсөтүп, Европа стилине басым жасалганын кошумчалайт.

Руслан Кыдырмышевдин үйү сувенирлерге бай.

“Сувенирлердин көбү ар кимден белекке келген, айрымдарын чет жакка чыкканда сатып алгам. Бул жарымы гана, калгандары жумуштагы иш бөлмөмдө турат” дейт ал.

WEF уюмунун президенти кандай үйдө жашаганы кызыктырса төмөндөгү видеорепортаждан көрүңүз.

WEF уюмунун президенти Руслан Кыдырмышевдин үйүндө конокто