World MMA Awards Валентина Шевченкону 2022-жылдын мыкты мушкери деп тапты (видео)

Кечээ, 9-декабрда жыл сайын өтүүчү World MMA Awards сыйлыгынын жеңүүчүлөрү белгилүү болду.

Лас-Вегаста өткөн 14-жылдык сыйлык тапшыруу аземинде 22 номинация боюнча мыктылар аныкталды. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону кыргызстандык Валентина Шевченко 2022-жылдын эң мыкты мушкер айымы деп табылды.