Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында бүгүн, 12-апрелде эркин күрөш боюнча Яков Чаплин (92 кг чейин) коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Ал чейрек финалда тажикстандык Исмаил Картоев менен беттешип, 2:2 эсебинде акыркы аракети үчүн жеңишке жеткен. Ал эми жарым финалда бахрейндик Магомед Шариповго 0:8 эсебинде жеңишти тарттырып жиберген. Коло медаль үчүн беттеште кытайлык Хаде Айидусини 6:4 эсебинде утуп, үчүнчү орунга ээ болду.