Көк бөрү: «Ынтымак» командасы Жогорку Лиганын чемпиону болду

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган президенттик турнирде «Ынтымак» командасы Жогорку Лиганын чемпиону болду. Бул тууралуу аталган команданын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Мелдештер Кыргызстандын, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн клубдук командаларынын арасында өтүүдө. Биринчи Лиганын Кубогун «Көк-Жал» утуп алды, ал финалда «Мурас» менен беттешти. Эл аралык лиганын жеңүүчүсү Өзбекстандын курама командасын уткан “Жети-Өгүз” командасы болду. «Ынтымак» командасы Жогорку Лиганын мыктысы болду. Финалда Сары-Өзөндү 7:0 эсебинде утуп алышты. Турнирдин алкагында улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер да өттү.