Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештик оюндарында салттуу жаа атуу спортчу боюнча спортчу Ынтымак Мурадил уулу 1-орунду ээледи.
Мурадил уулу атаандаштарынан эң көп упай топтоп, оюндардын жеңүүчүсү болду. Ошондой эле бүгүн тайпалык беттештер жыйынтыкталып, сыйлоо аземи өтөт. Бул медаль Кыргызстан үчүн 21-медаль болду – 8 алтын, 6 күмүш жана 7 коло.