Үзүр Жусупбеков да Олимпиадага жолдомо алды

Бүгүн, 9-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу турнири Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталган.

Мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан күрөштүн грек-рим түрү боюнча 97 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Үзүр Жусупбеков мелдештин жарым финалына жетип, жарым финалда түштүк кореялык балбанды 6:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Финалга чыгып, Үзүр Жусупбеков Кыргыз курамасынын пайдасына тогузунчу жолдомону алып келди. 

Буга чейин жолдомо алган спортчулар: