Үзүр Жусупбеков MUHAMET MALO-2026 рейтингдик турниринин коло байге ээси болду

Тирана шаарында (Албания) өткөн спорттук күрөш боюнча эл аралык рейтингдик MUHAMET MALO-2026 турниринде грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын балбаны Үзүр Жусупбеков 96 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Мелдештин алгачкы кармашында Жусупбеков түркмөнстандык Аманберды Агамаммедовду 9:0 эсебинде ишенимдүү жеңип, кийинки айлампага жолдомо алган. Чейрек финалда россиялык Артур Саргсянга 0:9 эсебинде утулуп калган. Бирок көңүл жубатуучу беттештер аркылуу байге үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүн сактап калды.

Көңүл жубатуучу беттеште биринчи каршылашы азербайжандык Махаммад Ахмадиевди 8:2 эсебинде жеңип, коло медаль үчүн беттешке чыкты. Чечүүчү кармашта ирандык Амирреза Морадиянды 4:2 эсебинде утуп, коло байгеге татыды.