Үзүр Жузупбековдун апасы: «Уулумдун беттештерин көрө албайм, ары-бери басып жүрө берем»

Париж-2024 Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков коло байгеге ээ болуп кайтты. Балбандын ата-энеси уулу тууралуу “Үзүр жаштайынан өжөр, көздөгөнүнө жетүү үчүн көктүгүнөн жазбайт. Күрөштү өзү тандап, багытын так билген жигит” дешет.

«Беттешти түз эфирде көрө алган жокмун. Түз эфирди көрө албайсың, беттешип бүткөн соң көрөсүң. Көбүнчө сүйүнгөнүмдөн ыйлайм. Беттеш учурунда ары-бери басып, эшикте жүрдүм. 5 балабыз бар. Үзүр эң улуусу. Баары спортко жакын», — деди апасы.

«Үзүрдүн өжөрлүгү, көк жалдыгы бар. Ансыз жеңишке жетпейсиң. «Беттешке чыктыңбы, атаандашты аяган сезим болбош керек, беттеш бүткөн соң бир туугандай мамиле кыл» деп айтам», — деди атасы.

Атасынын айтымында, Үзүрдүн классташтары күрөшкө барышчу, 6-классында классташтарын ээрчип барып эле, жазылып алган. «Мен колдодум. Эч качан каршы болгон эмесмин», — деди атасы.