Талант Эралиев Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды

Талант Эралиев М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин борборду Талант Сооронбаев жетектеп келген. Ал мекеменин ишинде аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу кызматтан бошотулган.

Эралиев Талант Каканович 1987-жылы туулган, жогорку медициналык билимге ээ. 2011-жылы Санкт-Петербург шаарындагы С. М. Киров атындагы Аскердик-медициналык академияны «Дарылоо иши» адистиги боюнча аяктаган. 2011–2012-жылдары хирургия боюнча интернатурадан өткөн, ал эми 2012-жылы Алматы шаарында SEMA медициналык борборунда интервенциялык кардиология боюнча баштапкы квалификация курсун бүтүргөн.

2012–2014-жылдары Ош шаарындагы Аскердик госпиталдын хирургия бөлүмүндө улук ординатор болуп иштеген. 2013–2014-жылдары кошумча кызмат катары «Кардио Азия Плюс» медициналык борборунда интервенциялык кардиолог дарыгер болуп эмгектенген.

2016–2022-жылдары Ош шаарындагы Аскердик госпиталдын хирургия бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап, ошол эле учурда «Кардио Азия Плюс» медициналык борборунда рентгенэндоваскулярдык диагностика жана дарылоо боюнча дарыгер, ошондой эле Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасында эндоваскулярдык хирург болуп иштеген.

2019–2023-жылдары Ош шаарындагы Аскердик госпиталдын медициналык кызматынын башчысы — госпиталдын жетекчисинин орун басары милдетин аткарган. 2022–2023-жылдары кошумча кызмат катары EUROCLINIC медициналык борборунда, ал эми 2022-жылдын январынан 2026-жылдын январына чейин Ош шаарындагы «Кыргызстан–Россия» клиникасында иштеген.