«1+1» тасмасындагы башкы каармандын прототиби кайтыш болду

«1+1» тасмасындагы баш каармандын прототиби болгон франциялык ишкер Филипп Поццо ди Борго 72 жашында кайтыш болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Франциялык ишкер Филипп Поццо ди Борго 1993-жылы кырсыктан улам майыптардын арабасына отуруп калган. 2011-жылы ал «1+1» тасмасынын прототиби болуп, аталган фильм дүйнөлүк прокатта чоң ийгилик жараткан.