1 ай гана тааныш болгон. 25 жаштагы кыз 71 жаштагы абышкага турмушка чыкты

Филадельфиянын тургуну өзүнөн 46 жаш улуу кишиге турмушка чыгып, жакындарынын сынына кабылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

25 жаштагы Даниэль Рейфф бала кезинен сөөк, булчуң, муундары ооруп, дартына дабаа таппай келген. Курбусу ага рейки (салттуу эмес медицинанын түрү, алаканы менен дарылайт) боюнча адис Говард Рейффке кайрылып көрүүнү сунуштайт. 6 сеанстан кийин Даниэль менен Говарддын ортосунда сезимдер от алып, мамилелерин жакындарына айтпай жашыруун баш кошуп алышат. Үй-бүлө катары бир аз жашаган соң Даниэль ата-энесине жаңылыгын айтып, жолдошун үйүнө алып келген. «Апамдын эси ооп калды. Говард апамдан 15 жаш улуу да. Сени карыган кишиге ыраа көрбөйм деп бизди кабыл албай койду», — деген Даниэль. Экөөнүн союзун достору да жактырбай, байланышын үзүшкөн. Канчалык сыноого туш болбосун Даниэль менен Говарддын баш кошконуна 2 жыл болуп, бактылуу жашап жатканы айтылат.

Кызыгы, Говард буга чейин бир да жолу үйлөнгөн да, балалуу болгон да эмес.