1 айда жашоосу жомоктогудай болуп өзгөргөн бразилиялык түгөйлөрдүн окуясы

«Медуза» басылмасы 1 айда жашоосу өзгөргөн бразилиялык түгөйлөр тууралуу жазышты.

1 ай мурда Бразилиянын Сантус шаарында Габриэлли, Дуглас жана алардын ити Милани жашоого жери жок, көчөдө калышкан. 7-январда алар Инстаграм баракча ачып, өзүлөрү жөнүндө айтып бере башташкан. Габриэллинин айтымында, Дуглас да ал сыяктуу тазалыкты жакшы көрөт. Алар чатырда жашаганына карабастан тазалыкты сакташчу.

Түгөйлөр социалдык тармактагы баракчасында кадимки жашоону эле көрсөтүшкөн. Итин сейилдөөгө алып чыгышчу, бири-биринин туулган күнүн белгилешчү. Алардын мындай видеосу Бразилияда 1 күндө эле популярдуу болуп кетет. Бир нече күндө эле аларга 500 миңге жакын адам катталган. Популярдуулукка жеткен түгөйлөргө элден жардам бара баштаган.

Транс-аял Габриэлли алар бардык шарты менен батирди каалап жатышканын айткан. Колдонуучулар аларга батир ижарага алып беришип, итин ветеринардык дарыгерге жөнөтүшкөн. Экөөнүн баракчасын көргөн жеке ишкерлер аларга тиш салып, сулуулук салонунда сулуулашкан. Ал эми 5-февралда алардын кыялы орундалып, сулуулук салон ачышты. Азыр экөөнүн баракчасында 2 миллиондон ашуун катталуучу бар.