1-февралдан баштап Сауд Арабиясына барчу бардык саякатчылар, анын ичинде ажылык жана кичи ажылык (умра) үчүн бара турган зыяратчылар менингитке каршы эмдөө сертификатын көрсөтүшү керек. Бул милдетүү талап эки жаштан жогоркуларга тиешелүү.
Вакцинация учууга 10 күн калганда жасалышы керек. Бул чара жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында киргизилген.
Сауд Арабиясынын саламаттыкты сактоо министрлиги үч вакцинаны тааныйт. Алар: төрт компоненттүү Neisseria meningitidis (A, C, W-135 жана Y) вакцинасы, полисахарид же конъюгироваланган вакцина. Neisseria meningitidis 5 жылга, Полисахарид 3 жылдан ашык эмес жана конъюгацияланган вакцина 5 жылга чейин таасирдүү.
Менингит — бул мээни жана жүлүндүн сезгениши. Менингит өлүмгө алып келиши мүмкүн. Көпчүлүк инфекциялар адамдан адамга жугушу мүмкүн.