1 жарым жашар уулун диетага отургузуп, ачкалыктан өлтүргөнү үчүн энеси өмүр бою эркинен ажыратылат

АКШдагы Флорида штатынын тургуну болгон вегетариан аял 1 жарым жашар баласын диетага отургузуп, ачкалыктан өлтүргөнү үчүн күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

39 жаштагы Шейла О’Лири өзүнө кошуп эмчектеги баласын диетага отургузуп койгон. Ал баласын веган диетасына отургузуп, жалаң чийки жер-жемиштерди бергенин айткан. Өлөрүнө бир жума мурун баласы эч нерсе жебей, уктай албай кыйналган. Баланын сөөгүнө экспертиза жүргүзүшкөндө анын ачкалыктан каза болгону аныкталган.

«Шейла О’Лири баласынын ыйлаганын укмаксанга салган. Баласынын арыктап, кабыргасы саналып калганын билиш үчүн таразанын деле кереги жок болчу», — деген Флорида штатынын прокурорунун жардамчысы.

Маалыматка караганда, Шейла менен күйөөсү балдарына жетиштүү көңүл бурушкан эмес. Андан башка эки баласы тең өтө арык, тамакка тойбой жүргөндөрүнүн белгилери аныкталган. Ал эми атасы башка болгон баласы экөөнө салыштырмалуу жакшы абалда болгон. Анткени ал маал-маалы менен атасыныкына барып турган.