«1 жаштагы баласына кол салган». Таиландда турист маймылдар менен мушташкандагы видео тарады

Австралиялык турист Таиландда маймылдар менен мушташканы видеого түшүп калган. Daily Mail жазгандай, маймыл туристтин уулуна кол салууга аракет кылган. Ошондон улам блогер маймылдарга тап берген. 

Австралиялык блогерлер 38 жаштагы Райли Уайтлум жана 29 жаштагы Элайн Караусу 5 жаштагы жана 1 жаштагы уулдары менен Таиланддагы Ко-Пхи-Пхи аралындагы маймылдардын көптүгү менен өзгөчөлөнгөн жээкке барышкан. Жээкте турган баштыкты маймылдар ачып, ичиндегилерди ыргыта баштаган. Блогер баштыкты алуу үчүн аларга жакындаганда маймылдар ага, анын 1 жаштагы уулуна кол сала баштаган. Уулун колуна көтөрүп, маймылдар менен алышып, баштыгын алган, бирок анын колун маймыл тиштеп алган.