«1 миллион доллар». Месси көз жашын арчыган салфетка аукционго коюлду

Аргентиналык футболчу Лионель Месси көз жашын арчыган кагаз салфетка бир миллион доллар баа менен аукционго коюлду. Бул тууралуу Eurosport жазды.

Месси өткөн жумада Испаниянын «Барселона» клубунан кетип жатканына байланыштуу уюштурулган маалымат жыйында көз жашын тыя албай ыйлап жиберген. Спортчу сөзүн баштай албай жашып бир саамга турган, ошол учурда жубайы Антонелла Рокуццо ага көз жашын арчуу үчүн салфетка берген.

Эске салсак, 5-августта Месси 2004-жылдан бери ойногон «Барселона»  финансылык эрежелерине байланыштуу аргентиналык менен жаңы келишим түзүлбөй турганын жарыялаган.