1 пил — 70 миң доллар. Зимбабведе алп жаныбарды атууга уруксат берилди

Зимбабведе улуттук парктарды финансылык жактан колдоо үчүн алп жаныбарды атууга уруксат берилди. 1 пилдин баасы — 70 миң доллар. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Ушундай жол менен аталган өлкөнүн бийлиги 500 пилди атууга уруксат берет. Бийликтин аң уулоону мыйзамдаштырып берүүсүнө 2020-жылдагы коронавирустан улам пандемия себеп болгону айтылат. Пандемия учурунда сафари-туризм үзгүлтүккө кабылып, улуттук парктар финансылык кыйынчылыкка тушуккан.

Зимбабведе улуттук парктардын аймагында 100 миңге жакын пил байырлайт. Бул дүйнөдөгү пилдердин жалпы санынын үчтөн бирин түзөт.