«100 күндөн ашык реанимацияда жатты». Болливуд жылдызы Приянка Чопра кызынын сүрөтү менен бөлүштү

Болливуд жылдызы, ырчы жана «Дүйнө сулуусу» (2000) титулунун ээси, модель Приянка Чопра 3 айдан ашык реанимацияда жатып, үйүнө чыгарылган кызынын сүрөтү менен Инстаграм баракчасына бөлүштү. «100 күндөн ашык убакыт реанимацияда жатып, кичинекейибиз акыры үйгө келди. Биз бир нече ай оор сыноону башыбыздан өткөрдүк. Азыр артка көз чаптырып отуруп, ар бир көз ирмем канчалык баалуу экенин түшүнүп жатабыз», — деп жазган ал.

Маалымат катары, 39 жаштагы актриса Приянка Чопра менен жолдошу, 29 жаштагы музыкант Ник Жонастын кызы суррогат эне аркылуу төрөлгөн. Актрисанын тыгыз иш графигине байланыштуу суррогат энени тандоого аргасыз болушкан. Кызынын атын Малти Мари Чопра Джонас аташып, ал январь айында, 28 жумалыгында жарыкка келген.