103 жаштагы швециялык Рут Ларссон парашют менен түшүп, Гиннесс рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Рут Ларссон 90 жашында абадагы спорт түрү менен алектенип баштаган. Алгач ал аба шарында учуп, кийин параплан менен учууну өздөштүргөн. Бирок ал дагы чек болбой, эки жылдан кийин, 101 жашында биринчи жолу парашют менен учкан. Анда рекорд коём деген тилеги ашпай, быйыл 31-майда, 103 жашында инструктордун коштоосунда парашют менен түшүп, парашютта учкан эң улгайган адам катары Гиннесс рекорддор китебине катталган.
Рут улгайган жашына карабай спорт менен машыгып, сейилдеп, китепти көп окуйт. Жакындары анын ден соолугуна арызданганын уга электигин айтышат.
Социалдык тармактарда мемге айланган 18 килограммдык торттун окуясы дале бүтө элек. Кондитер Нуршат Акбергенова менен астаналык блогер Аселина Батыр тынчтык...
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен балдарын түртүп, кийин өзү секирген келиндин 1,5 жаштагы баласына операция жасалып, бир бөйрөгү алынды....
30-июлда кечинде Сауд Арабиянын Таиф шаарындагы Green Mountain Park көңүл ачуучу жайында аттракцион сынып кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык,...