Казакстанда 7-январь күнү аба ырайы начарлаган. Кар катуу жаап, бороон башталып, жол кыймылы Жамбыл облусунда чектөөгө алынды. Аймакта шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетти.
«Жол кыймылы чектелген жерлерде 1050 унаа топтолду. Анын 580и жүк ташуучу унаалар», — деп айтылат Жамбыл облустук полиция департаментинин маалыматында.
Алматы — Ташкент — Термез автожолунда унаанын бардык түрлөрүнө чектөө киргизилген. Кыймыл альтернативдүү багытта — эски Кордай ашуусу аркылуу жүргүзүлүүдө.
100дөн ашык милиция кызматкерлери 45 авто-эскипаждын курамында айдоочуларга ар тараптуу жардам көрсөтүп жатканы айтылды. Жолду тазалоо үчүн 20га жакын атайын техника тартылган.
«Жуалын районунун Шахан ашуусунда калган 14 кишини участкалык инспекторлор Культоган айылына алып келип, туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырышкан. Мындан тышкары, кайгуул полициясы тарабынан 10дон ашык унаа кар көчкүдөн чыгарылган», — деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.
Ошол эле учурда патрулчулар айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү жылытуучу жайларга жайгаштырышкан. Алар абалдын жакшырышын күтүп жатышат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram