108 жаштагы чач тарач аял Гиннесстин рекорддор китебине кирди

Япониялык Шицуи Хакоиси Гиннесстин рекорддор китеби боюнча дүйнөдөгү эң кары чач тарач деп табылды. Бул тууралуу Tengri Sport жазды.

108 жаштагы аял Токиодон ары үч сааттык жолдо жайгашкан салондо иштейт. Гиннесс китебинин басма сөз кызматы билдиргендей, Шицуиде Экинчи дүйнөлүк согуштун учурундагы кайчылары бар. «Ал 14 жашында чач тарач болгусу келген. Апасынын курбусу чач тарачтын окуусун окуу боюнча сунуш киргизгенде кийимин чогултуп алып, шаарга жалгыз жөнөп кеткен. 18 жашында экзамен тапшырып, популярдуу чач тарачка айланган», — деп айтылат маалыматта. 

Аял 1916-жылы 10-ноябрда төрөлүп, 24 жашында жолдошу Дзиро менен таанышкан. Жолдошу согуш учурунда каза болуп, чач тарачы бомбаланган. Аял уулдары менен Тотиги шаарына качып кеткен. Ошол шаарда салон ачып, азыркыга чейин иштеп келет. 

Шицуи Хакоиси көп убактысын карылар үйүндө өткөрөт, суранычтар боюнча барып, иштеп да келет.