11-өлчөм. 22 жаштагы кыз 13 килограммдык эмчегинин азабын тартып келет

Улуу Британиянын жашоочусу, 22 жаштагы Анжи Чалк 11-өлчөмдөгү эмчеги жашоосуна канчалык кедергисин тийгизерин айтып берген.

11-өлчөмдөгү, салмагы 13 килограмм болгон эмчекти көтөрүп жүрүү Анжи үчүн абдан оор, бели чыдатпай ооруп каларын айтат. Капталдап, көмкөрөсүнөн жатканда да бир топ ыңгайсыздыктар жаралат. Коомдук жайларда эл сүзүп кетип же бир нерселер тийип, төшү дайым көгөрүп жүргөнүн айтат каарман. 11-өлчөмгө чак келген ич кийимди табуу да чоң түйшүк жаратат. Ал атайын Польшадан буюртма менен 1 бюстгальтерди 80 фунт стерлингге (8000 сомдун тегерегинде) алдырат. Мындай ыңгайсыздыктан тажаган Анжи акыры эмчегин кичирейтүү үчүн хирургга кайрылган. Ага гигантомастия — сүт бездеринин өлчөмүнүн чектен ашып чоңоюусу деген диагноз коюшкан. Дарыгерлер Анжи арыктаганда гана операция жасоого болорун билдиришкен. Бир нече убакыт диета кармаган каарман араң дегенде 1 килограмм салмак таштайт. Ал эми спорт менен машыгууга кайра эле чоң өлчөмдөгү эмчеги тоскоолдук кылып, учурда Анжинин айласы кеткен убагы.