116 жаштагы япониялык аял дүйнөдөгү эң кары адамдардын катарына кирди

Гиннесс рекорддор китебинин өкүлдөрү дүйнөдөгү эң кары аял япониялык Томико Итоокага барып, анын статусун тастыктаган расмий сертификат тапшырышты.

Томико 1908-жылы 23-майда Японияда төрөлгөн жана ал 116 жашта. Гиннесстин рекорддор китебинин сайтына ылайык, сертификат ал акыркы беш жылдан бери жашаган карылар үйүндө тапшырылган. Өткөн айда 117 жаштагы Мария Браньяс Морера каза болгондон кийин Томико Итоока расмий түрдө дүйнөдөгү эң кары аял жана эң улгайган адам аталган. 

Тарыхта эң узак жашаган адам 122 жыл 164 күн жашаган франциялык Жанна Калмент болуп калды. Томико Итоока учурда эң узак жашаган адамдардын арасында 23-орунда турат.