«119 жашта болчу». Жер шарынын эң кары жашоочусу көз жумду

Жер шарынын эң кары жашоочусу Канэ Танака көз жумду. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлары жазып чыгышты.

Канэ Танака аттуу япониялык аял 1903-жылы жарыкка келген. Танака 8 баланын жетинчиси жана маалына жетпей төрөлгөн. Ал башынан эки дүйнөлүк согушту өткөрүп, беш императордун башкаруусун көргөн. 

19 жашында Хидео Танакага турмушка чыккан. Алар төрт балалуу болуп, бешинчисин багып алышкан. 2019-жылдын март айында Танака Гиннесстин рекорддор китебине планетанын эң улгайган тургуну катары кирген. Ошондо ага 116 жаш 28 күн болгон.

Танака акыркы жылдарын Япониянын Фукуока префектурасындагы карылар үйүндө өткөрүп, январь айында 119 жашын белгилеген. Акыркы маегинде ал 120 жашка чейин жашоону кыялданарын айткан.