«12 жашында акча маселесинен улам окууну таштаган». Грециянын 80 жаштагы тургуну мектепке барып жатат

Грециянын 80 жаштагы тургуну Василис Панагиотаропулос дээрлик 70 жылдан кийин окуусун улантуу үчүн мектепке кайтып келди. Ал 12 жашында үй-бүлөдөгү каржы маселесинен улам мектепти таштаган деп жазат The Guardian.

Пенсионер ондогон жылдар бою официант, ашпозчу болуп иштеген, ал тургай Афинада өзүнүн тавернасын иштеткен, бирок анын негизги кыялы орто билим алуу болгон. 2023-жылы ал киши өзүнүн эңсеген тилегинин аткарылышын чечип, кечки лицейге тапшырган.

Азыр Василис Панагиотаропулос 15 жаштагы өспүрүмдөр менен бир класста окуп жатат. Октябрь айында ал класстын мыкты окуучусу деп табылган. Бул үчүн 80 жаштагы мектеп окуучусу парадда лицейдин желегин көтөрүү укугуна ээ болгон.

Кызыгы, анын эки кызы мектепти гана бүтүрбөстөн, университетте жогорку билим алышкан. Алар атасынын билимге болгон умтулуусун колдоп, мектепти бүтүшүн күтүп жатышат.