12-майдан тарта чет элдиктер АКШга коронируска каршы эмдөөсүз барса болот

АКШ чет өлкөлүк авиа жүргүнчүлөр, ошондой эле федералдык кызматкерлер жана подрядчылар үчүн коронавируска каршы эмдөө талабынан баш тартууда. Бул тууралуу Ак үйдүн билдирүүсүндө айтылат.

COVID-19га байланыштуу коомдук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаал да 12-майда аяктайт. Билдирүүдө мындан ары АКШнын жараны эместер чек араны жер менен кесип өткөндө милдеттүү эмдөө талап кылынбай турганы белгиленген. Ак үй жакынкы аралыкта кеңири маалымат берүүнү убада кылууда.