Электр зымына илинип калып, кулап түшкөн аба шарынан 4 адам каза болду (видео)

АКШнын Нью-Мексико штатында аба шары кулап 4 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Нью-Мексиконун эң ири шаары Альбукеркеде асан-үсөн түстөгү аба шары электр зымдарына урунуп, 4 адам каза болуп, бир адам жаракат алган. Полициянын өкүлүнүн айтымында, таңга жуук болгон бул окуяда аба шарынын аэростаттын учкучу да каза болду. Ал эми өлгөн адамдардын аты-жөнү боюнча азырынча маалымат бериле элек. Аба шары 13 миң үйдү электр энергиясы менен камсыз кылган жогорку чыңалуудагы зымга илинип, андан кийин шаардын четиндеги туристтер эс алып жаткан чатырдын үстүнө түшкөн.