Бир балмуздакты 6700 долларга алат белеңиз? Гиннесстин рекорду жаңыланды

Гиннесстин рекорддор китебинин авторлору расмий түрдө Byakuya балмуздактарын дүйнөдөгү эң кымбат балмуздак деп табышты. 130 грамм салмактагы балмуздак 6 миң 700 доллар турат.

Япониянын Cellato брендинин Byakuya балмуздактары дүйнөдөгү эң кымбат балмуздак болуп Гиннесс рекордун жаңылады. Анын негизи сүттөн, сырдын эки түрүнөн, жумуртканын сарысынан менен пияздан жасалган жана үстү пармезан сыры, ак трюфель, трюфель майы жана жука алтындан турат. 

130 грамм салмактагы балмуздактын бир порциясы 6700 доллар турат. Жапон өндүрүүчүсү аны ак шарап менен айкалыштырууну сунуштайт.