«14 жылдан бери кырктырбайт». Дүйнөдөгү эң узун чачтуу аял чачына кантип кам көрөт? (видео)

Индиянын Смита Шривастава аттуу тургуну дүйнөдөгү эң узун чачтын ээси болду. Ал 14 жыл катары менен чачын кырктырбай келет. Натыйжада анын чачынын узундугу 236,22 сантиметрди түзгөн.

46 жаштагы Смита Индияда жашайт. Ал чачын өстүрүүгө 1980-жылдардагы хинди актрисаларынын узун чач жасалгасы түрткү болгонун мойнуна алган. «Индиянын маданиятында кудайлардын чачтары өтө узун болгон. Биздин коомдо чач кыркуу адеп-ахлаксыз деп эсептелгендиктен аялдар чачын узун кылып өстүрүшкөн. Узун чач аялдын сулуулугун баса белгилейт», — деп түшүндүргөн ал.

Аял мындай чачка жакшылап кам көрүү керектигин айтты. Ал жумасына эки жолу салонго барып, чачын жуудуруп, кургатып, таратып турат. Ар бир жолу үч саатка чейин убакыт талап кылынат. Алгачкы 30-45 мүнөт жууп бүтөт, андан кийин сүлгү менен кургатат жана чачын колу менен түздөйт, бул адатта эки саатты алат.

«Чачыма мүмкүн болушунча көп кам көрөм. Эч качан чачымды кыркпайм, анткени менин жашоом чачымда. Чачымдын дагы өсүүсүн каалайм жана канча убакытка чейин көтөрө аларымды көрөлү» , — дейт ал.