«15 жыл мурда жоголгон». Тольяттиде баары өлдү деп ойлогон адам канализациядан табылды

Социалдык тармактарда Тольяттиде бир нече жылдан бери канализацияда жашаган адам тууралуу маалымат жарыяланды. Жер астындагы жашоочу өзүн Александр деп тааныштырып, жергиликтүү блогерге жер астында канча убакыт жашап жүргөнүн эстебей турганын айткан. 

Ал киши бир кезде 5 бөлмөлүү батири бар экенин айтып, аны совхоздун директору алып койгонун билдирген. Көптөгөн жергиликтүү тургундар Александрга жардам беришет, ал жашоосун өзгөртүүгө даяр. Ал киши блогерге аны менен баш калкалоочу жайга барып, жада калса жумуш таап берүүнү убада кылган.

Кийин ал кишинин туугандары бар экени белгилүү болгон. Алар Александр Ульяновск облусунан экенин, 52 жашта экенин айтышкан. Александрды аялы таштап кетип, андан кийин ал таптакыр дайынсыз болуп кеткен. Үй-бүлөсү көптөн бери аны өлдү деп ойлоп жүрүшкөн. Александр 15 жыл мурун үйдөн чыгып, ошол бойдон дайынын эч кимге айткан эмес. Туугандары аны үйгө алып кетишти.