«15 мугалим жумушсуз калды». Казакстанда жалгыз окуучу окуган мектеп жабылды (видео)

Атырау облусунун Кеңбай айылында бир гана окуучусу бар мектеп жабылганын казак басылмалары жазышты.

Мугалимдер жумушсуз калбоо үчүн сабак өтүүгө даяр эле, бирок аткаминерлер мектепти жабууга буйрук беришкен. Алар жалгыз окуучу үчүн мектепти каржылоо туура эмес дешет.

Натыйжада 15 мугалим жумушсуз калган. Аларга жумуш берилет. 3-класстын окуучусу эми коңшу айылга билим алууга барат. «Район акиминин токтому менен Кеңбай айылындагы мектеп жабылды. Азыр кызматкерлерге айлык берилүүдө. Андан кийин мугалимдерди башка ишке которуу варианттары каралат. Ал эми окуу жайдын имараты айылдык акимчиликтин балансына өткөрүлөт», — деди Атырау облусунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Жумагазиева.