Жекшембиге караган түнү Түндүк Македониянын Кочани шаарындагы түнкү клубда өрт чыкты. Алдын ала маалыматтар боюнча, 59 адам каза болуп, 150дөн ашууну жаракат алган. Бул тууралуу Би-би-си жазды.
Маалыматтарга караганда, өрт пиротехникалык каражаттарды колдонуудан чыккан. Өрт саат 02:30 чамасында Pulse клубунда чыккан. ДНК тобу ырдап жаткан. Концертке 1500дөй адам барган. Концерт учурунда топ пиротехниканы колдонуп, анын учкундары шыпка чейин жеткен. Шыбы тез күйүүчү материалдан жасалгандыктан, өрт тез жайылып кеткен. Иш-чарага баргандардын бири Македониянын 5-каналына имараттын ичиндегилер эмне болуп жатканын түшүнүүгө убактысы кетип калганын, клубда тепселенди башталганын айтты.
Кеминде 59 адам каза болуп, 150дөн ашууну жаракат алган. Азырынча өрттөн каза болгондордун 35инин гана аты-жөнү аныкталды, алардын 31и Кочани шаарынын, төртөө Штип шаарынын тургундары.