16 жаштагы казакстандык полиглот интернетти багындырып жатат (видео)

Казакстандык полиглот Омар Алиев TikTok жылдызына айланды. Бир нече чет тилди билген өспүрүм бир жылдын ичинде ага 25 миллионго жакын колдонуучу катталып, анын видеолору жалпысынан 252 миллион лайк топтогон.

«Тенгри» жазгандай, ал болгону 16 жашта жана Алматыдагы медициналык колледждин 2-курсунун студенти. Өзүнүн видеолорунда ал желектердин бирин сууруп алып, ошол өлкөнүн тилинде сүйлөй баштайт. Омар мындай видеолорду көп жолу тарткан жана жаш талант дүйнөнүн бардык тилдерин билет деген ой пайда болот.

«Мен 6дан ашык тил билем, ар бир тилди 95-99 пайызда билем. Алардын арасында казак, орус, күрд, түрк, азербайжан жана англис тилдери бар. Мен видеолордо сүйлөгөн тилдердин 15-20 пайызын гана билем», — деген ал.