«1700 конок чакырылган». Иорданиянын 28 жаштагы ханзаадасы үйлөндү

Кечээ, 1-июнда Иорданиянын 28 жаштагы мураскор ханзаадасы Хусейн бин Абдулла II 29 жаштагы сауд архитектору Ражва Аль Саифке үйлөндү. Маалыматтарга караганда, үйлөнүү үлпөтү Амманда өткөн.

Тойго 1700 конок чакырылган, алардын арасында Улуу Британиянын ханзаадасы Уильям жана анын жубайы Кэтрин да бар. Ханзаада Уильям менен мураскор Хусейн чогуу окуп, бош убактысын бирге өткөрүшкөнү маалым болгон.