«19 жылдан кийин жолугушкан». Эгиздер бирин-бири ТикТок аркылуу таап алышкан

Ано Сартания 21 жашында эгиз эжесин табаарын ойлогон эмес. Кыздарды кичинекей кезинде өз атасы бөлүп, ар кайсы үй-бүлөгө сатып жиберген. 

Сартания эжеси жөнүндө кокусунан билип калган. Досу ага видео жөнөткөн. Анда ага абдан окшош көк чачтуу кыз болгон. Досу видео жөнөткөн соң, «балким сен да чачыңдын өңүн өзгөртүп көрөсүң?» деп жазган. Видеодон өзүнө окшош адамды көргөн кыз көк чачтуу кыз тууралуу көбүрөөк билүүнү чечкен. Ал видеолорду карап, бөлүшүп, авторун издеп, аны менен байланышуу жолун тапкан.

Сартания көп өтпөй кат жазыша баштаган. Кыз өзүн Тако Хвития деп тааныштырган. Кыздар Тбилисидеги Руставели көпүрөсүндө жолугушуп, анда алар эгиздер экенин аныкташкан. «Ар бир адамдын өзүнүн жыты болот. Эжемди кучактаганда мага тааныш бир нерсе сезилди. Ошондо мен аны мурунтан эле билгендей болдум», — деген Ано Сартания.

Алардын эки башка чоңоюп калышына атасы Гоча Гахария күнөөлүү болуп чыккан. Кыздар Грузиянын кыштактарынын биринде төрөлгөн. Апасы төрөттөн кийин комага түшкөн. Гахария эгиздер аныкы эмес деп чечип, ага жалпысынан беш баланы тарбиялоо да оор болгон. Анан ал эгиздерди башка шаарларда жашаган эки башка үй-бүлөгө сатууну чечкен. 

Ано Тбилисиде, Тако Зугдидинде чоңойгон. Бирок алыс болгонуна карабастан, кыздардын экөө тең бий менен алектенип, бир жолу мелдеште көрүшүп калышкан. Ошондо залдагылар катышуучулардын окшоштугун байкашкан, бирок эгиздер бири-бирин эч качан билишкен эмес.