20 жылдан бери комада жаткан Сауд Арабиянын ханзаадасы каза болду

Сауд Арабияда 20 жылдан бери комада жаткан ханзаада Аль-Валид бин Халед ибн Таляль аль Сауд 36 жашында каза болду. Уулунун каза болгонун атасы билдирди. 

2005-жылы Сауд ханзаадасы Лондондо жол кырсыкка кабылган. Падышалык үй-бүлө мүчөсү башынан оор жаракат алган. Ал кезде ал болгону 16 жашта болчу. 

Оор жаракаттан кийин Аль-Валид эсине келген эмес. Ал Эр-Рияддагы клиникада 20 жыл комада жаткан. ЖМКлар дарыгерлер үй-бүлөгө ханзааданын абалы үмүтсүз экенин эскерткенин жазышкан. Бирок атасы уулун жашоону камсыз кылуучу аппараттардан ажыратпоону талап кылган.