«Аватардын» экинчи бөлүгү 20 күндүн ичинде 1,5 миллиард доллар чогултту

«Аватардын» уландысы 2022-жылдын эң көп кирешелүү тасмасы болду. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты. 

21 күндүк прокатта режиссёрдун кирешеси 1,5 миллиард доллардан ашты, бул ага эң көп кирешелүү тасмалардын онунчу сабына көтөрүлүүгө жана «Топ Ган: Мэверик» тасмасын гана эмес, жетинчи «Форсаждан» да ашып өтүүгө жол ачты. 

Алдыда келе жаткан дем алыш күндөрүнүн аягында тасма «Кек алуучулар», «Падыша Арстан» жана «Юра доорунун дүйнөсү» тасмаларынан ашып өтүп, жетинчи сапка чыгууга жетиши мүмкүн.