Abank
SerepTV Logo

20 миллион доллардан ашуун... Met Gala'нын тарыхындагы эң кымбат образ талкууда

20 миллион доллардан ашуун... Met Gala'нын тарыхындагы эң кымбат образ талкууда

Иша Амбани Met Gala иш-чарасында 200дөн ашуун бриллиант тагынып, алтындан токулган сари менен элди таң калтырды. Анын образы болжол менен 20 миллион долларга бааланууда. Бул аны иш-чаранын тарыхындагы эң кымбат образдардын бирине айлантты. Негизги баа кийимдин өзүнөн эмес, уникалдуу зер буюмдардан түзүлгөн. Айрыкча 80 караттык бриллиант мончок өзгөчө көңүл бурдурган. 

Мукеш Амбанинин жалгыз кызы болгон Иша бул кечеде жалпы салмагы 1 800 каратка жеткен зер буюмдарды тагынган. Мындан тышкары, ал өзгөчө аксессуар — баштыктагы манго формасындагы скульптураны көтөрүп чыккан.

34 жаштагы Иша Gaurav Gupta тарабынан тигилген көйнөк кийген. Бул кийим таза алтын жиптерден токулган сари болуп, анын жээгин кол менен саймалоого 50 чеберден турган топ 1 200 сааттан ашык убакыт жумшаган.

Образдын концепциясын апасы — Нита Амбани зергердик үй Kantilal Chhotalal менен биргеликте иштеп чыккан. Алар үй-бүлөлүк бриллиант коллекциясын дизайнердин ишине кошууну чечишкен. Натыйжада Нитанын жеке коллекциясынан 200дөн ашуун бриллиант кол менен көйнөккө орнотулган.

Ишанын чач жасалгасы да өзгөчө болгон — анын артындагы скульптураны жасоого 150 сааттан ашык убакыт кеткен. Аны Субодх Гупта жез, кагаз жана латундан жасалган жасмин гүлдөрүн колдонуп, кол менен түзгөн.

Манго түрүндөгү аксессуар индия маданиятында түшүмдүүлүктүн символу болуп эсептелет.

Иша Амбани — Индиядагы эң бай адамдардын бири Мукеш Амбанинин жалгыз кызы. Ал Forbes тизмесинде бай жаш мураскерлердин катарына кирген. 2014-жылдан бери үй-бүлөлүк компаниялардын директорлор кеңешинде иштеп келет. Ошондой эле ал Индияда GAP дүкөндөрүн ачып, Jio World Plaza соода-көңүл ачуу борборун ишке киргизген.

2018-жылы Иша ишкер Ананд Пирамалга турмушка чыгып, төрт жылдан кийин эгиз балалуу болушкан.